10:20
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин санынын 85 пайызын аялдар түзөт

Былтыр республиканын билим берүү чөйрөсүндө өлкөнүн калкынын 9 пайызга жакыны эмгектенген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. 

Азыркы убакта Кыргызстанда 4 миңден ашуун мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары иштейт. Андагы 1,7 миллион тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана билим берүүнү 108 миңге жакын педагогдор камсыз кылат.

Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет, алардын арасынан олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Кесиптик майрамына карата ыраазычылыктарды 78 миңге жакын жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери угушат, анын ичинен 22 миң шаардык, 56 миңге жакын айыл жерлериндеги мугалимдер.

2018/2019-окуу жылынын башында республикада 2 миң 265 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдар иштеген.

Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде аял мугалимдердин пайызы эркек мугалимдерге караганда кыйла жогору. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 85 пайызын аялдар түзөт, алардын 28 пайыздан ашыгы директордун жана директордун орун басарынын кызматын аркалашат.

2018/2019-окуу жылында республикадагы бардык жогорку билим берүү жайлары тарабынан 5 миңден ашык келечектеги педагогикалык адистер бүтүп чыгышты.

Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнүн белгилешет, дүйнөлүк мугалимдер күнү 1994-жылы негизделген. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума