21:24
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мугалимдердин иш стажы жетиштүү болсо, ипотека маселесин чечип берүү сунушталды

Мугалимдердин эмгек акысы орто эсеп менен 30 пайызга көтөрүлдү. Бул жакшы жөрөлгө. Ошого карабастан, биз мугалимдердин социалдык жашоо-шартын жакшыртуу жаатында комплекстүү чараларды көрүшүбүз керек. Мисалы, мугалимдердин турак жай көйгөйүн чечүү максатында, эгер иш стажы жетиштүү болсо, ипотека маселесин чечип беришибиз зарыл. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Элет жергесинде иштеген мугалимдердин да турак жай көйгөйү арбын. Алардын турак куруп алуусу үчүн жергиликтүү бийлик жер маселесин чечип бериши керек. Ал эми чек ара аймагында жайгашкан айылдардагы мугалимдерге 500 миӊ сом өлчөмүндө ссуда берүү маселесин да кароого тийиш. Эгерде аталган маселелер оӊ чечилсе, балдардын билим алуу деӊгээли да кыйла көтөрүлөт деген ойдомун», — деди депутат.

Ал эми Кенжебек Бокоев конституциянын талаптарына ылайык Кыргызстанда билим берүү акысыз болушу керек экенин, тилекке каршы, азыр андай болбой жатканын билдирди. «Мектептердеги жылуулук, суу, эмгерек, окуу куралдары менен камсыздоо сындуу шарттар да толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланышы керек. Өкмөт бул маселени 2020-жылга чейин чечүүгө тийиш», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума