19:08
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Базар-Коргондо 10 унаа чөп күйүп кетти

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Баймундуз айылындагы үйлөрдүн короосунан чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык айылдын Мамыров көчөсүндө болгон.

Анын кесепетинен короодо жыйылган 10 унаа чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар