USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Сооронбай Жээнбеков: Калктын сот системасына болгон ишенимин бекемдөө керек

15:31, 27 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков калктын сот системасына болгон ишенимин бекемдөө, аброюн жакшыртуу жана коомчулук менен байланышты жөнгө салуунун өзгөчө зарылчылыгын белгиледи. Бул тууралуу ал Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушканда айтты. 

Жолугушууда өлкөдөгү сот системасын мындан ары жакшыртуу, сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун жүрүшү боюнча чаралар талкууланды. Мамлекет башчы сот-укуктук реформаны ишке ашыруу, мамлекеттик коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана сот акыйкаттыгын камсыз кылуу аркылуу жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоодо сот органдарынын ролу өзгөчө экендигин белгиледи.

Судьялар курамын окутуу жана ар дайым кесиптик квалификациясын жогорулатуу, алардын ишмердигинин натыйжалуулугу жана ачыктыгы, сот коллегияларынын курамын максаттуу бөлүштүрүү жана сот органдарынын материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика