15:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кара-Суу районунда айдоочу жөө жүргүнчүнү койдуруп кетти

Кара-Суу районунда айдоочу жөө жүргүнчүнү койдуруп кетти. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кара-Суу шаарынын Отуз-Адыр көчөсүндө 1962-жылы туулган О.Ш. «Мерседес-Бенц» унаасын башкарып бара жатып жөө жүргүнчү коюп кеткен. 1964-жылы туулган А.А. алган жаракатынан улам Кара-Суу райондук аймактык ооруканасына жеткирилди.

Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар