01:11
USD 81.80
EUR 95.48
RUB 1.03

Назаркул Ишекеев: Убагында «Акүйгө» кире албаган тилдин аброю өсүүдө

Кыргыз тилинин мамлекеттик макамынын бекитилгенине бүгүн 30 жыл толду. Бул арада тил мыйзамдык укугуна карабай, канча сыноодон өтүп, макамы кагаз жүзүндө гана калган учурлары да болду.

Кыргыз тилинин бүгүнкү абалы, коомдогу орду жана аны өнүктүрүү жолдору боюнча Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев 24.kg менен ой бөлүштү.

— Кыргыз тилинин мамлекеттеги бүгүнкү орду, коомдук жашоодогу кадыр-баркына кандай баа бересиз?

— Учурда тилдин макамы күн санап өсүп бара жатат. Бир кезде мамлекеттик тил, образдуу айтканда, Акүйгө кире алчу эмес. Азыр коомдун баардык чөйрөсүндө өркүндөөдө. Иш-чараларда, илим-билимде, технологияда, өндүрүштүк-чарбачылык жайларда, соода-сатыкта, маданиятта, дин тармагында кыргыз тили байланыштын негизги куралы катары иштеп жатат.

— Ага эмне себеп болууда?

— Эң башкысы өлкөнүн жарандары өзүнүн улуттук идентүүлүгүн издей баштады. Азыр идентүүлүктүн мазмунун байытуу үстүндө иш жүрүүдө. Ар бир этностун эң башкы балуулугу тил деген түшүнүк пайда болду. Ошону менен катар өздөрүнүн тарыхый институтун, улуттук үрп-адатын, салт-санаасын, маданиятын, мекенчил аң-сезимин байытып, баары акырындап иретке түшүп, системалуу мүнөзгө ээ болуп жатат.

Андан тышкары, кыргыз тилине зарылчыл жагдай түзүлдү. Мисалы, биздин билим берүү тармагындагы бир катар аракеттерибиз ишке ашты. 2021-жылдан тарта бүтүрүүчүлөрдүн эл аралык стандартка негизделген В1 деңгээлиндеги сертификаты колунда болушу керек. Быйыл тажрыйба иретинде, эркин формада сынак өткөрдүк. Мектептин 5 миңден ашык бүтүрүүчүсү тапшырып күбөлүк алды. Алар ЖОЖго кабыл алуу сынагында артыкчылыкка ээ болушту.

Ал эми университеттин бүтүрүүчүлөрүнө В2 деңгээлиндеги сертификат алуу талабы бар.

Мамлекеттик, мунипалдык кызматкерлер милдеттүү түрдө «Кыргызтест» тапшырат. Алар быйыл А2 денгээлинде билимин көрсөтүшү зарыл, 2020-жылы — В1, 2021 — В2. Сынактан өтпөй калгандарга үч ай тилди үйрөнүүгө убакыт берилет. Андан кийин алардын кызмат ордуна дал келүүсү, ээлеген ордунан төмөндөтүү, же бошотуу сунушталат.

Мындан тышкары, 2019-жылы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Жергиликтүү кеңештердин статусу», «Борбордун статусу» жана «Ош шаарынын статусу» жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, айыл өкмөттөрү жана шаар башчыларынын баарынын В2 деген сертификаты колунда болмоюн аларды БШК каттабайт.

Бул кадамдардын баардыгы мамлекеттик органдарда иш кагаздарын жүргүзүүдө, калкты тейлөөдө кыргыз тили жаңы деңгээлге чыгат дегенди билдирет.

— Мамлекеттик органдарда иш-кагаздарынын канча пайызы кыргыз тилинде жүрөт?

— Бул учурда оор маселелердин бири. Мамлекеттик иш кагаздарынын 4төн 42 пайызга чейинкиси гана кыргыз тилинде жүрөт.

Биз ар бир мекемени иликтеп чыктык. Мисалы, мамлекеттик кызмат жана комитеттер боюнча жыйынтыкты айта турган болсом, Финансалык көзөмөл кызматында кирген жана чыккан каттардын 0,7 пайызы гана кыргызча, ал эми ички буйруктардын, иш кагаздарынын 100 пайызы расмий тилде.

Финансалык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматында кирген чыккан каттардын 15 пайызы мамлекеттик тилде, ички иш кагаздарынын 100 пайызы расмий тилде.

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматына кирген жана чыккан каттардын 0,6 пайызы мамлекеттик тилде, иш кагаздарынын 100 пайызы расмий тилде.

Белгилей кетсек, Өкмөткө караштуу мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын 100 пайызы эки тилде иш алып барат. Ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматында дагы өсүү жакшы. Аларда кирген-чыккан каттардын 13,9 пайызы жана иш кагаздарынын 97,2 пайызы кыргызча.

Салык кызматында кирген-чыккан каттардын 15 пайызы, документациянын — 81,1 пайызы мамлекеттик тилде.

Эсептөө палатасы 96 пайыз иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзөт, Экологиялык жана коопсуздук техникалык инспекциясы 50 пайыз кыргызча иш алып барат.

 Негизи эле мамлекеттик тилдин өсүшүнө расмий тил тоскоолдук түзүүдө деген пикирлер бар...

— Тил — өзү табияттын керемет көрүнүшү. Жаратылышта ашык эч нерсе жок, баары бири-бири менен шайкеш, гармонияда күн кечирет. Андыктан тилдерди бири-бирине каршы койбош керек. Аларды туура, шайкеш колдонуу зарыл. Анүстүнө ааламдашуу доорунда жашап жатабыз. Эч качан бир тил менен оокат кыла албайбыз. Көп тилдүү жаңы муунду тарбиялашыбыз зарыл.

— Мамлекеттик тил комиссиясы кыргыз тилинин мектептерде окутуунун сапатына, сабактардын санына көзөмөл сала аласыздарбы?

— Биз баардык эле тармакка көз салып, мониторинг жүргүзүп турабыз. Сааттарды көбөйтүп, сапатын жогорулатууга өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздүн чегинде аракет жүргүзөбүз.

Мисалы, жогорку окуу жайларды анализдеп, кыргыз тилине бөлүнгөн 8 сааты кайра калыбына келдирдик. Орус тилдуу мектептерде 11- класстын саатына бир саат кошулуп, аптасына 4 саат окуп калышты.

Эмки жылдан баштап, жалпы республикалык тестирлөөгө кыргыз тили дагы кирет. Орус, тажик, өзбек тилдүү мектептердин окуучулары дагы кыргыз тилден тест тапшырат.

— Кыргыз тилин үйрөнүүнү биздин жергиликтуу эле тургундар өтө татаал жана методика жетишсиз деп айтышат. Бирок, өмүрү кыргыз тилин укпаган жапон, француздар 1 жыл ичинде жакшы өздөштүрүп алышат. Себеби эмнеде?

— Мунун баары жөн эле сөз. Кыргыз тилин үйрөнөм деген кишиге баардык шарттар бар. Мисалы, биздин эле сайтта 40тан ашык сабактын үлгүлөрү турат. Алар атайын видеолор менен коштолгон. Андан тышкары, мобилдик тиркемелер, китеп жана сөздүктөрдүн топтомун тапса болот.

Мектептерде дагы жакшы методикалар бар. Эл аралык деңгээлдеги тил үйрөнүү ыкмаларынын технологияларын алып жатабыз. Тил үйрөтүүчү борборлор пайда болду.

— Тил комиссиясынын бюджети канча? Штаты канча?

— Бизде 21 киши иштейт. Социалдык фондко чегерүүлөр, айлык акы, коммуналдык кызмат жана башка чыгымдарыбыз болуп, мамлекеттик бюджеттен 30 миллион сом бөлүнөт.

— Кыргыз тилинин аброю өсүп жаткан, көп тармакта колдонуп жатабыз дегенибиз менен мамлекеттик иш-чаралардагы жарнактарда, иш-кагаздарында, окуу китептеринде, жогорку кызматтаргы жетекчилердин бири-бирине жазган каттарында грамматикалык каталар кетүүдө...

— Бул улуттун маданияттуулугунун белгиси.Тилекке каршы, бизде жалпы билим берүүнүн сапаты түшүп кетти. Андан тышкары, жаштарыбыз дагы жеңил-желпи болуп, тереңдикке көңүл бөлбөй калды. Сабаттуулук — инсандын күзгүсү. Башка дагы факторлор бар...

Мына быйыл биз жалпы республикалык деңгээлде диктант уюштурдук. Анын жыйынтыгында дагы элдин сабаттуулугуну түшүп кеткендигине күбө болдук.

— Журналисттер арасында бир эле сөздү ар кандай жазып, атүгүл ар кайсы мааниде колдонгон учурлар кездешет. Арабызда жаңы сөз жаратуучулар дагы жок эмес. Талаш-тартыш болбошу үчүн Улуттук комиссия жаңы терминдердин так котормосун берип, карама-каршылыктар боюнча пикирин билдирип, колдонуу эрежелерине дагы көз салып тура алабы?

— Кыргыздын адабий тили бар. Анын нормалары эчак калыптанган. Орфографиялык жана түшүндүрмө сөздүктү, жазуу эрежелеринтак колдонуу жетиштүү.

Тил эки булактан байыйт: ички жана сырткы. Ичкиси — бул диалект говорлор. Биз буга өтө этият мамиле кылышыбыз керек.

Диалекттердин арасында татыктуу түшүнүктөгү сөз болсо гана колдонууга алып чыксак болот. Бирок, баарын эле аралаштыруу маданиятсыздыкты гана билдирет.

Назаркул Ишекеев
Экинчиси — терминдер. Технологиянын заманында өтө жаңы илимий терминдер көп кирүүдө. Ага «бөйрөктөн шыйрак чыгарып» диалектен, же башка жактан окшош сөз издеп, элдин башын айландыруунун зарылчылдыгы жок. Терминологиялык комиссиянын чечимдерин эске алып иш жүргүзгөн оң.

Ал эми гезит, радио-ТВлар менен байланышып, семинарларды өткөрүп турабыз. Бирок, баары эле барып ар бир жарандын сабаттуулугуна келип такалат.

— Көрнөк-жарнактарды кыргыз тилине өткөрүү аракети ишке ашты десек болот. Бирок, көпчүлүгү туура эмес которулуп, ката жазылууда. Тил комиссиясы буга кандай чара көрөт?

— Көрнөк-жарнактарды Монополияга каршы агенттиги көзөмөлдөйт. Эми жаңы кодексттер боюнча мэрия, аким, айыл өкмөтү дагы айып пул салып, чара көрө алат.

Эми Бишкек шаарында башаламандык бар. 5 жыл мурда мэриянын алдында атайын департамент бар эле, аны жоюп жиберишкен. Азыр бир бөлүм ачканы жатышат.

Биз көрнөк-жарнак ээлерин жоопко тартып, каталарын оңдоого мажбурлай албайбыз. Бирок, бир кызматкерди дайындап койгонбуз. Ал барып, сүрөткө тартып келет. Анан мэрге, акимге кат жазып кайрылабыз. Каталарга каршы күрөшүүгө мыйзамдык рычагтар жетишпейт.

Назаркул Ишекеев
— Латын алфавитине өтүү сунушуна президент чекит койгондой болду. Бирок, бул маселе коомдо биринчи жолу көтөрүлгөн жок. Дагы талкууланары белгилүү. Сиздин оюңузда, латын алфавитине өтсөк, кыргыз тилине кандай таасир берет?

— Азыр алфавитти өзгөртүүгө муктаждык жок. Азыркы алфавит менен бир кылымдык маданиятыбыз бар. Андан кол жууп калышыбыз мүмкүн. Анүстүнө Россияда иштеп жүргөн мигранттардын тагдырын да ойлошубуз керек.

Негизи мен бул маселеге саясый өңүттөн эмес, адистерди пикири менен караш керек деп эсептейм. Бизде Илимдер академиясынын алдында Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана маданият институту бар. Институт илимпоздору өз пикирин айтса болот.

Азыркы кыргыз тилинин латын алфавити деп сунушталып жаткан тамгаларды да карап көрдүм. Анда түрктөрдүн тамгаларын эле көчүрүп алышыптыр. Ар бир тил өзгөчө.

Академик Кусейн Карасаев «кыргыз алфавитинде бир тамганы өзгөртсөк, бүтүндөй элди сабатсыз кылып алабыз» — деп айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар