09:03
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Талас: Көчмөндөр оюндарына карата акча жыйнап жатышат деген маалымат калп

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгү бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерден көчмөндөр оюндарына карата акча жыйнап жатышат деген маалыматты чындыкка туура келбейт деп билдирди.

«Биз эч кимден акча жыйнаган жокпуз. Демөөрчүлөрүбүз бар, алардын жардамы менен көп маселени чечип алдык. Бул жалган маалымат», -деп билдирди 24.kg агенттигине өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров.

Буга чейин жергиликтүү тургундар билдиришкендей, билим берүү тармагынын кызматкерлери ар бири 200 сомдон чыгарып беришкен. Саламаттык сактоо тармагында эмгектенгендердин бир күндүк айлыгын кармоону чечишкен.

Эске салсак, Талас облусунда улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрдан тарта башталган. Иш-чара улуттук оюндардын 10 түрү боюнча өтүүдө. Көчмөндөр оюндары эртең аяктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума