USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Көчмөндөр оюну. Таласта бюджеттик мекемелерде иштегендерден акча алып жатышат

13:50, 20 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Талас облусунда бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерден көчмөндөр оюндарына деп акча алып жатышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери ар бири 200 сомдон чогултуп беришти. Саламаттык сактоо тармагында эмгектенгендердин бир күндүк айлыгын кармоону чечишкен.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү азырынча маалыматка түшүндүрмө бере элек.

Эске салсак, Талас облусунда улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрдан тарта башталган. Иш-чара улуттук оюндардын 10 түрү боюнча өтүүдө. Көчмөндөр оюндары эртең аяктайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18