20:16
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чек ара жаңжалы. Президент жабыркагандардан кабар алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкек шаардык № 4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди. Чек ара чырынан жабыр тарткандардын баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, толук дары-дармектер менен камсыздалган.

Президент жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерге ыкчам чараларды көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бардык керектүү жардам берилерин баса белгиледи. Ал № 4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан жабыркагандардын туугандары менен баарлашты.

Жаракат алгандарга президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Эске салсак, Баткен облусундагы мамлекеттик чек ара участогундагы атышуудан улам 13 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, алардын ичинен 10 адам Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкек шаарына дарыланууга алып келинген. Алардын абалы туруктуу, беш кишиге бүгүн пландык операциялар жасалат.

Эң көп окулган жаңылыктар