01:16
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Мухаммедкалый Абылгазиев Максат айылынын жашоочулары менен жолукту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы кечээ кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы курал колдонулган чек ара окуясына байланыштуу айылдагы учурдагы абал менен таанышты.

Силер күн сайын чек ара көйгөйлөрүнө, кээде татаал жаңжалдарга туш болуп, оңой эмес шарттарда жашайсыңар. Мен силерге кайраттуулугуңар, чыдамкайлыгыңар, руханий күч-кубатыңар, мекенчилдигиңер үчүн ыраазычылык билдирем

Мухаммедкалый Абылгазиев

Өкмөт башчы мамлекет үчүн чек ара маселелерин чечүү, артыкчылыктуу жана өтө маанилүү милдет болуп санала турганын айтты.

«Биз бардык күчүбүздү чек ара маселелерин улуттук кызыкчылыкта чечүүгө жумшайбыз. Бул сыяктуу маселелер терең ойлонулган чараларды, таразаланган мамиле жана убакытты талап кыларын биз мойнубузга алууга тийишпиз. Алар конструктивдүү нукта, өз ара ишеним шарттарында жана эки жактуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилүүгө тийиш», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Мухаммедкалый Абылгазиев «Максат» чек ара постуна барып, өздүк курам менен маектешти.

Премьер-министр Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

«Тилекке каршы, тынч заманда биздин аскерибиз каза таап, башкалары жаракат алышты. Бардык жабырлануучуларга зарыл көмөк көрсөтүлөт. Мен силердин өлкө үчүн өтөгөн кызматыңарга, мекенчилдигиңерге жана кайраттуулугуңарга ыраазымын», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы тажик тарап биринчи болуп ок чыгарган чек арадагы окуяда миномет менен автоматтын огунан зыянга учураган бекеттин инфраструктурасын көрүп чыкты.

Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев Чек ара кызматынын тийиштүү жетекчилери менен жыйын өткөрүп, анда премьер-министр чек ара аймактарында кырдаалды курчутпоо жана чыңалууну басаңдатуу боюнча чараларды кабыл алуунун, ошондой эле чек ара аймактарынан күчтөрдү чыгаруунун зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу тараптар эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу делегацияларынын ортосунда сүйлөшүү жүргүзүүнү демилгелешти.

Премьер-министр Максат айылынан эвакуацияланып, Эски-Оочу айылындагы А. Момунов атындагы мектепке жайгаштырылган жашоочуларга барып жолугуп, алардын өз үйлөрүнө кайтышы боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Көчүрүлгөн жергиликтүү тургундар өлкөнүн аскер кызматкерлерине жана мекендештерге колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, түзүлгөн кырдаал тезирээк чечилсе деген үмүттөрүн билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар