USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Окуучуну футболдук дарбаза басып калган. Директорго сөгүш берилди

14:21, 17 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги «Ак Ордо» калктуу конушундагы № 96 мектептин директоруна окуучунун үстүнө футболдук дарбаза кулап түшкөндүгү үчүн, сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Наталья Никифорова билдирди.

Ошондой эле, сөгүш окуу бөлүмүнүн башчысына, класс жетекчиге жана дене тарбия мугалимине берилген. Дене тарбия мугалими өз ыктыяры менен иштен кетүү тууралуу арызын дагы жазды.

«Класс жетекчиси 5-класстын окуучуларын дене тарбия сабагына алып келген. Аларды дене тарбия мугалими тосуп алышы керек эле, бирок ал кармалып калган. Окуучулар дарбазага чыгып ойноп жатышканда, ал кулап кеткен», -деди Наталья Никифорова.

Кырсык 6-сентябрда болгон. Окуучу жаракат алып, ооруканага түшкөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18