23:15
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Чек ара жаңжалы. Бийлик кагылышууларды убактылуу басуу менен алек

Чек арадагы жаңжалдын пайда болуу себептери чечилбеген үчүн, ал кайра-кайра кайталанууда. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда депутат Исхак Масалиев билдирди.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы абалды эртеңки парламенттин отурумунда талкуулоону сунуштады.

«Бул жылдар аралыгында чек арага жакын жайгашкан айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жок дегенде бир долбоор бекитилдиби? Жок. Албетте, анан кыргыз-тажик чек арасында мындай жаңжалдар чыга берет. Өкмөт элди тынчытып, кагылышууларды убактылуу басуу менен гана алек, ал эми себептери ошол бойдон калууда», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар