09:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Улгайган жүргүнчүнү № 11 троллейбустан кууп чыккан айдоочу кечирим сурады

Бишкекте улгайган жүргүнчүнү № 11 троллейбустан кууп чыккан айдоочу кечирим сурады. Ал видеокайрылуу жасады.

Айтымында, аталган окуя ал үчүн сыноо болду. 

«Коомчулуктан кечирим сураймын. Мен өз ишимди аткарып жатканмын. Салондо кош бойлуу аял бар болчу, ал 2 жолу салондогу жаман жытка нааразы болгонун айтты. Салонго озүм барып, жаман жытты дароо сездим. Улгайган аялдан салондон чыгып кетүүсүн талап кылдым, ал болсо жыттанбаганын айтты. Бирок, чынында жаман жыт ал аялдан келип аткан. Мен муну айла жоктон жасадым. Андан кечирим сурайм жана кылгандарыма өкүнөм», -деди айдоочу.

Эске салсак, окуяны жүргүнчүлөр видеого тартып алышкан. Айдоочунун иштен алынганы кийин кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар