USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Бишкекте троллейбустар саат 12:00гө чейин жүрбөйт

10:17, 25 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте троллейбустардын каттамы кайрадан убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгы билдирди.

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйынына байланыштуу транспорт 8:00дөн 12:00гө чейин каттабайт.

Эскерте кетсек, 25-27-октябрда Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилет. Чүй проспектиси боюнча Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки, Абдрахманов көчөсү боюнча Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки жолдор убактылуу жабылат.

23-27-октябрь күндөрү Бишкекте Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын расмий сапары, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэнин жумушчу сапары , КМШ, Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыныны болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика