07:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чек ара жаңжалы. Тажик тарап такталбаган аймакта иштерин улантууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош-Баткен-Исфана жолу унаа кыймылы үчүн ачык.

«Кыргыз тарап Көк-Таш-Ак-Сай жолун асфальттап жатат. Мындан тышкары Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен районуна караштуу Ак-Сай пунктунда чек ара постун куруп жатат. Бирок, тажик тарап такталбаган аймакта макулдашылбаган ишти жүргүзүүнү улантууда», -деп билдиришти аталган ведомстводон.

Коңшу мамлекеттин бийлиги 2 жерде курулуш иштерин жүргүзө баштаган. Биринчиси Баткен районундагы Жака-Өрүк аймагында, экинчиси Лейлек районундагы «Футбол аянтчасы» аймагында. Бирок, «Футбол аянтчасы» аймагында курулуш иштери токтоп турат.

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Алар 10 жүк ташуучу унаа менен майда таш төккөн.

Эң көп окулган жаңылыктар