09:32
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Калктын ички миграциясы 14,4 пайызга төмөндөдү

Калктын ички (облустар аралык) миграциясы Чүй облусу менен Бишкек шаарында көп байкалат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Калган региондордо калк туруктуу түрдө азайып бара жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына ылайык, 2019-жылдын январь-июнунда 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу калктын ички миграциясы 14,4 пайызга төмөндөгөн.

«Мигранттардын агымы Бишкек шаарына жана Чүй облусуна багытталды. Быйыл Чүй облусуна 2 миң 979 мигрант келип, 2 миң 107 мигрант чыгып кеткен. Бишкекке 3 миң 357 мигрант кирип, 1 миң 756сы чыгып кеткен», -деп айтылат маалыматта.

Борбор шаарга келген облустар аралык мигранттардын дээрлик жарымын (48,9 пайызы) 20-34 жаш курактагы жаш адамдар түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби