USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Ташкентте алгачкы электробус жүрө баштады

09:27, 10 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Сентябрдын башында Ташкентке алып келинген электробус 7-сентябрда биринчи жолу шаар көчөлөрүнө чыкты. «Тошшахартраншизмат» маалымдагандай, электробустун алгачкы жүргүнчүлөрү аталган компаниянын жетекчилери жана журналисттер болду.

Vitovt Electro E420 суперконденсаторлор базасында электр кубатынын запасын сактоо системасы менен жабдылган. 21-25 чакырымга чейин электр энергиясы менен жүрөт, 6-8 мүнөт ичинде дүрмөттөлөт. Электробуска орточо 90 жүргүнчү батат.

Vitovt Electro E420 автобусу белорусиялык «Белкоммунмаш» компаниясы тарабынан чыгарылган. Электробус Ташкентке сыноо иретинде алынып келген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика