03:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте мушташты жаап-жашырууга аракет кылган милициялар үй камагына чыгарылды

Бишкектеги Жал кичирайонундагы мушташты жаап-жашырууга аракет кылган милицияларды үй камагына чыгарышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ сот 2 шектүүнүн кызмат абалынан пайдаланган санкциясын карап чыккан.

Эске салсак, 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» супер маркетинин жанында мушташ болуп, 2 жаран катуу сабалган. Анын бири комадан чыкты, экинчисине операция жасалды. Кийин шектүүлөр издөөгө алынып, алар милицияга өздөрү келишкен. Шектүүлөрдү кое берип жиберген кызматкерлерге кылмыш иши козголду.

 
Эң көп окулган жаңылыктар