22:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткенде жаш балдарды мушташтырган аял суракка алынды

Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын Кожо айылынын 31 жаштагы тургуну балдарды мушташтырганы үчүн суракка алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБсы билдирди.

Маалыматка караганда, интернетте таркаган видео балдарды мушташтырып жаткан аял кыздын апасы болот.

«Видеодо байкалып тургандай 31 жаштагы А.Г. өзүнүн кызына болушуп, атайын уруштуруп жаткан мезгилде Канаттын бир тууганы 15 жаштагы Марат келип жаш балдарды уруштуруп жаткан 31 жаштагы эжесин уруп салгандыгы байкалган.Бул материал Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына 2022-жылдын 28-июнь күнү катталып, жаш балдарды уруштурган 31 жаштагы аял жана анын 2 кызы суралып, соттук медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми 38 жаштагы А.Г. өзүнүн 15 жаштагы жана 8 жаштагы уулдары менен өздөрү жашаган Ош облусунун Алай районуна кетип калгандыгы аныкталды», — дейт милиция.

Эң көп окулган жаңылыктар