20:02
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзбекстанда 14 жаштагы өспүрүм университетке кабыл алынды

Өзбекстанда Мамлекеттик тестирлөө борборундагы сынакта 120,9 упай алган 14 жаштагы өспүрүм Карши мамлекеттик университетинин биология факультетине тапшырды. Аталган окуу жайдын сайтындагы маалыматка караганда, өспүрүм университетте мамлекеттик гранттын эсебинен бекер окуйт.

Өзбекстанда быйыл жогорку окуу жайларга тапшыруудагы курактык чектөө алынган.

Июлдун башында 72 жаштагы аял Фергана мамлекеттик университетине документтерин тапшырганы кабарланган. Андан бир жума өткөндөн кийин Сурхандарыя облусунун 78 жаштагы тургуну Маматкул Бердиалиев Ташкент агрардык университетинин Термездеги бөлүмүндө абитуриент болгон. Ошол эле айда 80 жаштагы Тухтамиш Султонов Ташкент медициналык академиясынын Термездеги бөлүмүнүн жана Самарканд мамлекеттик университетине окууга тапшырган.

Мамлекеттик тест борборунун маалыматына караганда, быйыл өлкөдөгү эң кары абитуриент 87 жаштагы тургун болду.

Эң көп окулган жаңылыктар