03:36
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бешбармактын Гиннестин рекорддор китебине киргизилишине салым кошкондор сыйланды

Бишкекте жасалган 1 миң 450 тонна бешбармакты Гиннестин рекорддор китебине киргизилишине салым кошкондорго «Ыраазычылык баракча» тапшырылды. Бул тууралуу сыйлык алгандардын бири Дана Абдыбекова социалдык тармактарга жазды. 

Маалыматка таянсак, саясатчы Жамалбек Ырсалиев, журналист Элнура Кулуева жана продюсер Дана Абдыбековага «Ыраазычылык баракчаны» президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев тапшырды. 

Эске салсак, өткөн жылдын 11-мартында баш калаада салмагы 1 миң 450 тонна бешбармак жасалган.

Эң көп окулган жаңылыктар