15:44
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстан дагы 5 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзүүнү көздөп турат

Кыргызстан дагы 5 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзүүнү көздөп турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Кирибати, Кабо-Верде, Науру, Мозамбик, Сент-Винсент, Гренадиндер өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникелердин долбоолорун жактырды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан буга чейин дүйнөнүн 107 өлкөсү менен ушундай эле кызматташтык мамилелерди түзгөн.

«Эми ага дагы 5 мамлекет кошулганы турат. Бул өлкөлөр көптөгөн эл аралык уюмдарга мүчө, ошондуктан алар кайсы бир маселелерди чечүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөтө алат», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума