04:08
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жактоочу үй камагындагы Өмүрбек Текебаевдин Бишкектен чыгып кеткенин түшүндүрдү

«Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзү туулуп өскөн айылы Акманга (Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району) барды. Аны карыган энеси, туугандары, жердештери жана санаалаштары тосуп алышты. 

Жактоочу Таалайгүл Токтакунова эмне себептен үй камагында отурган Өмүрбек Текебаев Бишкектен чыгып кеткенине түшүндүрмө берди.

«Анын апасы жашы өтүп калган улгайган адам. Мындан улам, сотко өтүнүч менен кайрылып сапар алууга уруксат берүүнү суранганбыз. Төрагалык кылган соттон Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагына белгилүү бир мөөнөткө барып келүүгө уруксат алынган», -деди ал.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар