00:45
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Болот Шер: Президентти да, премьери да абакта, кыргыз түрмөдөн коркпой калды

«Эки жыл «Ата-Мекен» партиясы кара кийген келиндей жүрдү. Бүгүн майрам», — деп билдирди Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Болот Шер «Ата-Мекен» партиясынын Жалал-Абад облусунун Акман айылындагы эл менен жолугушуусунда.

Ал партия лидери абакта жаткан жылдар азалуу болгонун, той топурга барбай калганын айтты.

«Бири түрмөдө олтурса, бирөөсү качып жүрсө, тойго деле бара албай калат экенсиң. Деги кыргыз түрмөдөн коркпой калды. Президентти да, премьери да абакта олтурат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаевдин жемкорлук беренеси менен козголуп, сегиз жылга эркинен ажыраткан иши кайра кароого жөнөтүлүп, өзү үй камагына чыгарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби