11:25
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жыл башынан бери 265 бала балдар интернатынан биологиялык үй-бүлөсүнө кайтарылды

Жыл башынан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги оор турмуш абалынан 1 миң 499 баланы алып чыкты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 41 бала фостердик үй-бүлөгө, 123 бала реабилитациялык жана күндүзгү борборлорго жиберилген. 265 бала балдар интернатынан биологиялык үй-бүлөсүнө кайтарылды. 313 бала башка үй-бүлөлөр тарабынан багууга алынды, арасынан бирөөнү чет элдик жарандар асырап алышты.

427 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү калыбына келтирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар