05:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кумтөр боюнча маселенин жөнгө салынышы- инвесторлор үчүн стимул болот

«Кумтөр» долбооруна тиешелүү маселелердин жөнгө салынышы, алтын кенин иштеп чыгуу боюнча кошумча ресурстар менен камсыз кылуу пайдасы менен чет элдик инвесторлор үчүн стимул боло алат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Евразия өнүгүү банкынын экономикалык анализ бөлүмүнүн аналитиги Айгүл Бердигулова билдирди.

Айтымында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуу күчүнө кириши, Кыргызстандын экономикасынын маанилүү ишканаларынын иштөө перспективасына карата ачык-айкындуулукту киргизет. Белгисиздик фактору акыркы бир канча жылдан бери ишкананын ишин коштоп, муну менен катар алтын кенинин инвестициялык потенциалынын өнүгүүсүн чектеп келген.

««Кумтөрдүн» экономикалык өсүшкө жана республикалык бюджетке тийгизген маанисин эске алып, чет өлкөлүк инвесторлордун өзүнөн түз каржылык жардамын кеңейтүү сөзсүз түрдө Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизет», -деди Айгүл Бердигулова.

Эң көп окулган жаңылыктар