21:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Министр: Китепканалардын базасында окутуу борборлорун ачууну пландап жатабыз

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги китепканалардын базасына окутуу билим берүү борборлорунун концепциясын түзүүнү иштеп чыгат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине министр Азамат Жаманкулов билдирди.

Ал китепканаларды мектептерге берүү тууралуу айтууга эрте деди. Азырынча китепканалар өз функцияларын аткара беришет. 

"Биз китепканалардын базасында окутуу борборлорун ачууну пландап жатабыз. Анда 3 багыт боюнча: чыгармачылык (музыка, кошумча билим берүү), IT-технология (робот техникалык ийримдер, программалоо) жана тил ийримдери боюнча иштешет. Учурда китепканалардын форматын өзгөртүү боюнча концепция иштеп чыгуудабыз, кийинки жылы пилоттук долбоорду ишке киргизебиз", -деди министр. 

Эң көп окулган жаңылыктар