11:06
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Акыйкатчы кыргызстандык жарандын мекенине кайтып келишине көмөк көрсөттү

Акыйкатчы Токон Мамытов кыргызстандык Н.П. Данилова аттуу жарандын мекенине кайтып келишине көмөк көрсөттү. Бул тууралуу Акыйкатчы Институтунан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Н.П. Данилова жана анын кызы В.А. Данилова ыраазычылык айтып Акыйкатчынын кеңсесине келишти.

В.А. Данилова буга чейин Орусиянын Нижневартовск шаарына 2007-жылы иштеп келем деп кеткен, 1965-жылы туулган апасы Н.П. Данилованы Кыргызстанга кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүүсүн Акыйкатчыдан өтүнгөн. Ал энесинин ден-соолугу начарлаганын, ошондой эле Бишкектен 2000-жылы алган паспортунун мөөнөтү өтүп кеткенин жазган.

Аталган арыз боюнча акыйкатчы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жана ТИМ Консулдук кызмат боюнча департаментке кат жолдогон. Кийин Кыргызстандын Екатеринбургдагы генералдык консулу тарабынан Мекенге кайтууга күбөлүк жазылып берилип, Ханты-Мансийк жана Ямало-Ненецк автономиялык аймактар боюнча Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Кубанычбек Айдаров мекендешибизге авиабилет сатып алып, «Сургут-Бишкек» каттамына салып жиберген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума