17:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанга Бермет Акаева учуп келди

Кыргызстанга мурунку президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева учуп келди. Бул тууралуу жактоочу Канат Хасанов Фейсбукка жазды.

Ал «Бермет Акаеваны 2 балалуу орус жигит тосуп алды. Принцибинде ага карата кылмыш иши козголгон эмес», -деп жазды.

Маалыматка ылайык, Бермет Акаева бүгүн Москвадан эртең мененки каттам менен учуп келген.

Эске салсак, мурунку президент Аскар Акаевге бир канча айып коюлган. Анын арасында Кытайга жана Казакстанга жер сатуу, Аксы окуясындагы окуяга катыштыгы бар, бийликти узурпациялоо жана башкалар бар.

Эң көп окулган жаңылыктар