20:00
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Курсан Асанов Аскер прокуратурасынын сурагына чакырылды

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов Аскер прокуратурасынын сурагына чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, учурда генерал-майор тергөөчүнүн жанында. Аны милициянын кызыкчылыгын сатты жана маалыматтарды Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына берип турган деген иш боюнча суракка чакырышкан.

Эске салсак, кечээ премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. 

«ИИМдин ички иликтөө кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар