20:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Курсан Асановдун кызматтан кетиши. Милициянын кызыкчылыгын саткан делүүдө

Бүгүн премьер-министринин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

«ИИМдин ички иликтөө кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди», -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн ИИМдин борбордук аппаратына жана офицердик курамга ведомствонун жаңы орун басары Памир Асанов тааныштырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар