15:15
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Ош шаарында алты турак үй толугу менен күйүп кетти

8-августта Ош шаарында алты турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Черемушка кичи районунун Бабур көчөсүнүн № 16 турак үйүнөн өрт чыгып, ал Бабур көчөсүндөгү № 14, № 18 жана Моминов көчөсүндөгү № 207/2, № 211, № 209 барак түрүндөгү турак үйлөргө өтүп 6 үй толугу менен күйүп кеткен. Анын жалпы аянты 2 мниң 500 чарчы метрди түзгөн.

Өрт саат 18:22де чектөөгө алынып, саат 20:00дө толук өчүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар