18:54
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйыны Чолпон-Атада өтөт

9-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигинин катышуучу мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйыны өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны тар жана кеңири курамда өтмөкчү.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 15 маселе киргизилген, анын ичинде транс чек аралык аракеттенүүгө, агрардык өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдоруна, алкоголдук рынокту жөнгө салууга, 2018-жылдагы ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүүгө байланыштуу жана башка актуалдуу маселелер киргизилген.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

ЕАЭБ премьер-министрлеринин президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар