19:23
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Дүйнө мистери-2019». Кыргызстанды ырчы Даниель таанытат

6-августтан 24-августка чейин Филиппиндин борбору Манила шаарында жыл сайын өтө турган Mister World-2019 («Дүйнө мистери») сынагы өтөт. Бул сынакка Кыргызстан биринчи жолу катышып, өлкөнүн атынан ырчы Даниель Бегалиев катышат. Маалыматты Super.kg сайты жазды.

Ырчы өзүнүн Инстаграмдагы жеке баракчасына «Мен бул сынакта биринчи жолу өзүмдү сынап көрөйүн деп жатам. Аракетим күчтүү, эч кимден коркпойм, ар кандай сынакка даярмын. Эң негизгиси башымды бийик көтөрөм, менин артымда мекеним, сиздер барсыңар. Күч бирдикте, кандай гана күн болбосун ар дайым бири-бирибизди колдойлу. Жеңиш биз жакта болсун!», деп билдирүү жасаган.

«Дүйнө мистери» сынагы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы жылдагы сынакка 80ден ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Эл аралык сынакта ар түрдүү спорттук мелдештер, тамак жасоо жана башка сынактар орун алат.

 


Эң көп окулган жаңылыктар