17:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ош шаарындагы аялдамаларда унаасын токтотуп койгон айдоочуларга айыппул салынды

Ош шаарындагы аялдамаларда унаасын токтотуп койгон айдоочуларга айыппул салынды. Бул тууралуу Ош мэриясынын Коом менен байланыш бөлүмү билдирди. 

Маалыматка караганда, рейд Масалиев, Навои, Раззаков көчөлөрүндөгү аялдамаларда жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 50гө жакын айдоочуга административдик айып салынды. 

«Рейд учурунда шаардагы автобустар жана кичи автобустар токтоочу аялдамаларда жол эрежесин бузуу менен унааларын токтотуп койгон таксисттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан тышкары Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан патенти жок иштеп жүргөн таксисттерге протоколдор түзүлүп, айып салынды», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар