15:32
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Мекендештер жана жергиликтүү ишкерлер тарабынан 6,1 миллиард сомго иштер жасалды

Былтыр мекендештер жана жергиликтүү ишкерлер тарабынан 6,1 миллиард сомго иштер жасалды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында айтты. 

Маалыматка караганда, 374 өндүрүш жана кайра иштетүүчү ишканалар, 373 социалдык объекттер курулуп, оңдолгон. Мындан тышкары 170 километрден ашык жол жана 96 ичүүчү суу түтүктөрү оңдолуп, курулган.

«71 ирригация түтүктөрү жасалып, 8 сел тосмолору курулду. 691 кызмат көрсөтүү боюнча ишканалар ачылып, 4 миң 86 жакыр үй-бүлөлөргө жана үй-шарты оор жарандарга жардам көрсөтүлгөн», -деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар