09:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Президент: Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш

Алмазбек Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда, элдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Учурда кыргызстандыктарды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаалга карата менин көз карашым кызыктыраарын билем. Анын айланасындагы акыркы окуялар, күбө катары суракка чакырылып жатканы — бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп айтат элем. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдын алкагында гана иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Кандай гана адам болбосун — мурдагы президентпи, чиновникпи, аскер кызматкериби, же катардагы кызматкерби — мыйзам баарына бирдей болуп, ар бирибиз ага баш ийишибиз керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт. Атамбаевдин иши дагы Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш. Менин көз карашым ушундай», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Эске салсак, бүгүн президент Чүй облусунун Панфилов районунда эл менен жолугушуу өткөрдү.