20:45
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кыргызстандын жол тармагын каржылоо. 1 миллиард 344,8 миллион сом каралган

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында Кыргызстандын жол тармагын каржылоо жалпы 1 миллиард 344,8 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, быйылкы бюджеттен 813,8 миллион сом, ал эми «капиталдык салым» беренеси боюнча 531 миллион сом бөлүнгөн. Жол чарба департаментинин алдындагы ишканалар тарабынан 783,6 миллион сомго иштер аткарылды.

Унаа жолдорунун кышкы камылгасы жана жол курулуш иштерин даярдыктар үчүн 281,3 миллион сом коротулган.

Эң көп окулган жаңылыктар