08:08
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Бүгүн зыяратчылардын алгачкы тобу Мединага жөнөп кетет

Бүгүн зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина каттамы менен учуп кетет. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 392 зыяратчы менен 8 ажы башчы бүгүн түнү биринчилерден болуп учат. Муфият зыяратчылардан кечикпей келүүнү суранат. Учакка каттоо «Манас −2» терминалындатүнкү саат 1:00де башталат.

Жалпысынан 18 каттам болот. Алгачкы алты каттам Бишкектен 400 зыяратчы менен учат. Калгандары Ош шаарынан 300дөй зыяратчы менен жолго чыгышат. Акыркы топ 1-августта Жиддага жөнөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар