03:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ажылык-2019. Ажылардын алгачкы тобу Бишкекке кайтып келди

17-августта кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жидда-Бишкек багыты боюнча Бишкек шаарына учуп келди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 400 ажы «Манас» эл аралык аэропортуна келди. Аларды Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилери тосуп алышты.

Эске салсак, буга чейин 17-августтан тарта кыргызстандык ажылар Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча Кыргызстанга кайтып келишээри айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума