12:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ажылык-2019. «Кыргызстан сулуусу-2014» зыяратчылардын кийимин тигет

2019-жылдагы зыяратчылардын кийимин тигүүчү ишкана аныкталды. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Мусулмандар дин башкармалыгы жарыялаган сынакка 13 ишкана катышты.

«Зыяратчылардын кийиминин тигилишине коюлган наркка, кездеменин курамына жана сапаттуулугуна, дизайнына, өңү-түсүнө, коопсуздук белгилерине, ыңгайлуулугуна карата баа берилди», — дейт муфтият.

Сынакта жеке ишкер Юлия Тилегинаны ишенимдүү өкүлү Айкөл Аликжанова жеңип, ага ажылыктын формасын тигүү милдети жүктөлдү.

Белгилей өтсөк, Айкөл Аликжанова «Кыргызстан сулуусу-2014» сынагынын жеңүүчүсү.

Эскерте кетсек, 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабтын курамына КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, ИИМ, МУКК, чек ара, мамлекеттик каттоо кызматынан, КР саламаттык сактоо министрлигинен, КР жолдор министрлигинен, Аалымдар Кеңешинен, Борбордук Текшерүү Комиссиясынан жана Муфтияттын курамы киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума