21:23
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстан зыяратчылары 16-июлдан тарта Меккеге жөнөтүлүп баштайт

Кыргызстан зыяратчылары 16-июлдан тарта Меккеге жөнөтүлүп баштайт. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

49 кишиден турган ар бир зыяратчылар тобуна бирден ажы башчы дайындалды. Быйыл 109 ажы башчы иштеп жатат.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5510 квота бөлүп берген. Ажылыктын баасы жогорулап, 3000 доллар деп белгиленген. Былтыр Кыргызстанга 5485 квота бөлүнүп, ажылыктын баасы 2890 долларды түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума