Баткен облусунан ажылык сапарына кеткендердин алгачкы тобу 23-августта мекенге кайтып келет. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда мекендештердин ажылык амалдары аяктап, кайтууга камылга көрүүдө. Ажылар Мекке шаарындагы Жидда аэропортунан учуп, 23-август күнү таң эрте «Ош» эл аралык аба майданына келип конот.
Эскерте кетсек, быйыл ажылык сапарга Баткен облусунан 488 жаран кеткен.