17:06
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргызстандан умрага баргандар үч-төрт эсе көбөйдү

2018-жылы Сауд Арабиясына умра зыяратына Кыргызстандан 11 миң адам барды. Бул сан эки-үч жыл мурдагыга салыштырмалуу үч-төрт эсе көп. Мындай маалыматты «Азаттык» Мусулмандардын дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдиновго шилтеме берип жазды.

Умра сапарын 15 туристтик фирма уюштурат. Бирок «Дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамда ажылык менен умра зыяраттарын уюштуруу жана жөнгө салуу муфтиятка берилген.

«Укуктук жактан караганда, мусулмандардын дин башкармалыгы умраны уюштурууну кантип өзүнө алат? — деген суроо бар. Бул үчүн муфтий Максатбек Токтомушевге эрк керек. Муфтият туристтик фирмалар менен келишим түзүп, зыяратты уюштурууну көзөмөлдөөгө тийиш», — деди Бакыт Нурдинов.

Умра сапарын уюштурууну Мусулмандар дин башкармалыгы көзөмөлүнө алууну көздөп жатканын мурдараак муфтияттын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев билдирген.

Мусулман коомчулугунда умра «кичи ажылык» деп аталып, адамдар каалаган учурда Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына барып, зыярат кылып келишет.

Эң көп окулган жаңылыктар