Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов тергөөчүлөр менен бирге Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө келди.
Үйдүн кароолу аларды ичкери киргизген жок. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева чыгып, сурак жүргүзүүгө уруксат берилбестигин билдирди.
Мирлан Каниметовдун айтымында, ИИМдин мындан аркы кадамы мыйзам чегинде, тергөөчүнүн чечимине ылайык болот.