18:13
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Абдышүкүр Нарматов анын Кой-Ташка сапарынан саясат издебөөгө чакырды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр Нарматов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барган себебин түшүндүрдү. Бул боюнча билдирүү таратты.

Абдышүкүр Нарматовдун белгилешинче, ал биринчи кезекте элдин тынчтыгы, биримдиги үчүн барган.

«Бүгүн мен Алмаз Шаршеновичтин үйүнө барып, бир канча күн мурда окулуп баштаган Куранды хатм кылып, өткөндөргө дуба кылып кеткенимди саясатташтырып жарыя кылып чыккандар жөнүндө болмокчу. Аалымдар эзелтен эле элдин ыйманы, тынчтыгы, биримдиги үчүн кызмат кылган. Менин да эңсегеним жана тилегеним — элимдин ыйманы жана тынчтыгы. Мен ар бир сөзүмдү ушул максатта айтам, ар бир ишимди ушул максатта кылам. Тилекке каршы, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, жумурткадан кыр издегендер муну ар кандай максатта бурмалашууда. Элиме айтарым, мен мурда да, азыр да саясий максат көздөгөн эмесмин, көздөбөймүн дагы. Менин максатым — элим бейпилдикте, биримдикте, тынч жашоо кечирип, ыймандуу өмүр сүрсө деген гана тилек», — дейт аалым.

Кой-Таштагы «элдик штаб» деп аталган жайга буга чейин УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев, ИИМдин мурдагы башчысы Улан Исраилов, КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев, президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы кеңешчиси Айбек Асыранкулов барганы кабарланган.

Атамбаевдин тарапкерлери чогулган штаб 22-июндан бери иштеп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар