23:32
USD 87.45
EUR 102.67
RUB 1.15

Бабановдун эжеси Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барган аял тууганыбыз эмес дейт

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун эжеси Бакен Бабанова Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барган аялды тааныбастыгын билдирди. Бул боюнча видеону «Республика» партиясынын өкүлдөрү социалдык тармакка жарыялашты.

Буга чейин Атамбаевдин тарапташтары Өмүрбек Бабановдун тайэжеси Сурия Кадырова дагы Кой-Ташка келип, алардын катарына кошулганын маалымдашкан.

«Биз ал аялды тааныбайбыз. Көргөн эмесмин. Биздин атыбызды мындай ыплас иштерге аралаштырбасын. Бизден кечирим сурашын талап кылабыз», — деди Бакен Бабанова.

Эң көп окулган жаңылыктар