Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө анын тарапташтары чогулууда.
Кой-Ташта абал туруктуу. Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаевдин тышкы күзөтчүлөрүнөн 2 киши алынды. Ал эми УКМКнын Тогузунчу кызматынын кызматкерлери жеке күзөт иштерин улантышууда.
Учурда 200гө жакын киши топтолду.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратышты. Чечим бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда кабыл алынды.
103 депутат макул деген добуш берди, 6 эл өкүлү каршы болду.