21:21
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

УКМК: Алмазбек Атамбаевди мамлекеттик күзөт кызматы дагы деле кайтарууда

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди мамлекеттик күзөт кызматы дагы деле кайтарууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине УКМКдан билдиришти.

Учурда УКМКнын Тогузунчу кызматынин керектүү сандагы кызматкери мурунку өлкө башчысын кайтарууда.

«Экс-президент күзөт кызматынан кол жууду деген маалымат чындыкка коошпойт. Бүгүн эртең менен кызматкерлер алмашышкан, балким ошону көрүп күзөтчүлөрү алынды деп жатышкандыр», -деп билдиришти УКМКдан.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев күзөт кызматынан кол жууду деп Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов Twitter социалдык тармагына жазган.

Эң көп окулган жаңылыктар