Мурунку президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик күзөт кызматынан кол жууду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов Twitter социалдык тармагына жазды.
Айтымында, күзөт кызматы бүгүн саат 4:30да алынды.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев аны кармоого келгендерге каршылык көрсөтөм деген.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратышты. Чечим бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда кабыл алынды.
103 депутат макул деген добуш берди, 6 эл өкүлү каршы болду.